• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто күйөөсү кош бойлуу аялын бычактап, анын курсактагы баласы каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Ошто күйөөсү бычактаган кош бойлуу келиндин баласы каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз түшкөн. Анда 33 жаштагы С.И. аттуу аял оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы айтылган.

Аталган факты милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам аны учтуу нерсе менен сайып жибергени аныкталган. Натыйжада жабырлануучу Ош облусттук төрөт үйүнө жеткирилген. Кийин курсактагы бала каза болуп, ал эми жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Бүгүн, 24-августта окуя боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин "Кылмыш жасоого аракеттенүү"" жана "Адам өлтүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий