• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жого тоотту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай 1 миң 74 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.

"Элдик курултай жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу КР президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий