• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Даккадагы кинофестивалда "Дарак ыры" мыкты тасма деп аталды

Маданият 0

Бишкек, 19.01.19. /Бишкек/. Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" тасмасы "Азиянын фильмдери" сынагында мыкты тасма деп таанылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Бангладештин борбору Даккада болгон фестиваль 10-январда башталып, 18-январда жабылуу аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан 5 тасма катышкан.

Мыкты тасма аталган "Дарак ырын" режиссер Айбек Дайырбеков тарткан. "Дарак ыры" тасмасы былтыр жаз айларында жарыкка чыккан.

Белгилей кетсек, бул фестивалга жалпы 72 өлкөдөн келген 220 тасма бир нече сынактык программада ат салышкан.

17-ирет өтүп жаткан фестивалды “Rainbow” (“Күн желеси”) кино коомчулугу өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий