• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык алакаларына 30 жыл. Ташкентте маданий иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ташкентте Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

“Туркистон” искусство сарайында өткөн иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бахтиёр Саидов, Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максутов, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Өзбекстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.

Алтынбек Максутов маданий иш-чараны ачып жатып, аталган маданият майрамын өткөрүү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле ал, кыргыз жана өзбек элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө жакшы салтка айланганын, эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий мурастарын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңден сезүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатканын белгиледи.

Андан тышкары министр, тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин, эки элдин казынасында көптөгөн ойчулдардын, акындардын жана жазуучулардын чыгармалары сакталгандыгы ага негиз болуп саналаарын айтты.

Аны менен катар Алтынбек Максутов бул жылы бир катар мамлекеттерде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатканын сыймыктануу менен баса белгиледи.

Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов эки элди ортосундагы достук мамилелер мындан ары өнүгө тургандыгын, тарыхый кадамдар ташталган мындай алакалар өз жемишин берип, учурда тыгыз маданий кызматташтык болуп жатканын баса белгилеп, кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Өзбекстанда да көп окулган чыгармалардын катарын толуктай тургандыгын айтып, ар убакта маданий кызматташуунун бардык деңгээлинде кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.

Андан соң, кыргыздын искусство чеберлеринин концерттик программасы тартууланды.

Эске салсак, аталган иш-чара Кыргыстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий