• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын президенти Токаев Садык Шер-Ниязга "Элдердин достугу" орденин тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз режиссеру Садык Шер-Ниязга II даражадагы "Элдердин достыгы" орденин тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 25-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү.

Иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, белгилүү коомдук- маданий ишмерлер, кино индустриясынын өкүлдөрү катышты.

Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Ал өз сөзүндө президент Токаев Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмасын жогору баалай тургандыгын эскерип, бул сыйлык менен ал бул тарыхый фильмдин маанисин жана Садык Шер-Нияздын азыркы кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Садык Шер-Ниязга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов белек тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий