• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Жөө күлүк" тасмасы Польшадагы эл аралык кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. "Жөө күлүк" тасмасы Польшадагы "Ale Kino!" эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 1-8-декабрь күндөрү болуп өтөт.

Бул жылы фестивалдын негизги сынактык бөлүгүндө балдар жана жаштар үчүн тартылган 100гө жакын узун, кыска метраждуу жана анимация тасмалары катышат. Алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген 3 миңден ашык тасмасынын арасынан тандап алынган.

Узун метраждуу тасмалардын сынак бөлүгүндө 20га жакын өлкөнүн тасмасы катышып, анда Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да көрсөтүлөт.

Ал тасма Познань шаарында 2 жана 4-декабрь күндөрү көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий