• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР эл артисти, төкмө, обончу, дастанчы Ашыраалы Айталиев эскерилди

Маданият 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Кант шаарынын маданият үйүндө КР эл артисти, залкар төкмө, залкар обончу, дастанчы Ашыраалы Айталиев эскерилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага министрдин орун басары Салтанат Аманова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар жана Ашыраалы Айталиевдин туугандары катышты.

2022-жылы Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгы. Ага карата залкарды эскерүү кечеси уюштурулуп, Ашыраалы Айталиев атындагы “Шаң” тобунун тушоосу кесилди. Төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев, Асылбек Маратов жана башкалар устатын эскерип, төкмөлүк өнөрүн тартуулашты.

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы Ашыраалы айталиев 1927- жылы Чүй облусунун Ысык- Ата районуна караштуу Жедигер айылында туулган.

Комуз чертүүнү 1942-43-жылдардан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башкалардан таалим алган. Эмгек жолун 1946-жылы Филармониядан ырчы-акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берген.

Ы.Борончиев, Т.Шабданбаев, Т.Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар менен айтышып, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан, айтыштын ар кандай салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды чебер айткан. Бир катар ырларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан. Эмгеги жогору бааланып, III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий