• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө карата веложүрүш өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. 28-августта Бишкек шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министрлиги тарабынан президенттин администрациясынын колдоосунда Бишкек шаарынын мэриясы, "Вело friends позитив kg" коомдук бирикмеси, "Алтын дөңгөлөк" велоклубу, БУУнун Өнүктүрүү программасы, "Тынчтык жана өнүгүү институту" коомдук бирикмеси, ошондой эле "Шоро" компаниясы менен шериктештикте "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө арналат жана Кыргызстанда элдин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө багытталат.

Жолугушуу пункту

09:00 – жолугушуу пункту Д. Асанов атындагы Жеңиш паркы.

09:00-09:30 – еложүрүшкө катышуучуларды каттоо.

09:45 – веложүрүштүн катышуучуларын тизүү.

10:00 – веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат.

10:30-10:45 – финишке келүү (Т. Усубалиев аянты/эски аянт).

11:00-12:30 – салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөр. Иш-чараны жыйынтыктоо.

Пикир

Оставить комментарий