• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Кечээ, 19-майда Ош шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк эпостордун жетинчи эл аралык фестивалынын расмий жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтка айланып 2 жылда бир өтүп жаткан эл аралык фестиваль отузга жакын мамлекеттин эпос изилдөөчүлөрүн жана аткаруучуларын бир аянтчага бириктирди.

Жабылуу аземи маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Түрк маданият фондунун програмалык директору Мирбек Карыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Ибраев, чет өлкөлөрдөн келген меймандар, калаа тургундары катышуусунда өттү.

Кайрат Иманалиев дүйнөлүк эпос фестивалы чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таануусун бекемдөө, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу үчүн мыкты аянтча болуп калгандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө фестивалдын алкагында өткөн эл аралык илимий- практикалык симпозиум, мыкты семетейчи жана дастанчы, кыргыз боз үйү, саркеч көчмөн сынактары жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш- чаранын жүрүшүндө сынактардын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылып, гала – концерт тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий