• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксыда жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Аксыда жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы айылына 1990-жылдары курулган “Каратай ажы” мечитинин эскилиги жетип, “Ассанабил” фонду тарабынан кайрадан курулуп, салтанаттуу түрдө ачылды.

Мечиттин ачылышына аалымдар кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, “Ассанабиль” фондунун өкүлү доктор Махмуд Башир, райондун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, айыл өкмөттүн башчысы Камчыбек уулу Шекербек жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий