• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Он айдын ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 5,7% өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Алдын ала эсеп боюнча, 2019-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукттун көлөмү 455 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7% өскөн. Бул тууралуу Улуттук эсептердин экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-октябрь айында ички дүң продуктунун көлөмү 406 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга өстү.

"Өнөр жай продукциясынын көлөмү 224 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% өскөн. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн – 31,7%, текстиль жана кийимдерди өндүрүүнү - 20,4%, металл кендерин казып алуунун - 21,6%, мунайзат жана жаратылыш газынын 13,7%, көмүр өндүрүүнүн - 8,3% эсебинен камсыздалган", - деп билдирди Исенкулова.

Пикир

Оставить комментарий