• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл маданият үйлөрүнө музыкалык аспаптарды сатып алууга 200 млн сом бөлүндү

Маданият 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан боюнча бардык маданият үйлөрү үчүн музыкалык аспаптарды сатып алууга 200 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери музыкалык аспаптарды сатып алууга каражат бөлүнбөй, алардын эскилиги жетип, иштөөдөн чыккан.

"Жыл башында бизде фонограмма менен ырдоого тыюу салынгандан кийин көптөгөн аткаруучу өнөрпоздор үн күчөткүч аппаратурасын сатып берүү боюнча өтүнүч келтиришкен. Ошентип, учурда Германиялык компания менен келишим түзүп, 40 райондук маданият үйлөрүнө жана айрым шаарлардын Маданият министрлигине караган маданият бөлүмдөрүнө жаңы аппараттарды сатып алып жатабыз. Декабрдын аягында аппараттар толук келгенден кийин тапшыруу аземи өтөт", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий