• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият ишмерлери "Ата-Бейиттеги" Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту

Маданият 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда маданият ишмерлери “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай "Ата-Бейиттеги" Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Ч.Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты жана бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери катышып, улуу жазуучуну аны эскеришти.

Ага маданият министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана жакындары катышты.

Белгилесек, 7- 12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат.

Пикир

Оставить комментарий