• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Патент системасына байланыштуу тийиштүү тапшырмалар берилди — Нурлан Умтулов

Экономика 0


Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына соодагерлердин көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) орнотууга каршы нааразычылыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинен тийиштүү тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда салык кызматында атайын топ түзүлүп, маселени чечүү жолдору каралууда.

“2024-жылдын 1-июлуна чейин патент системасын калтыруу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү багытында иштеп жатабыз. Жакынкы аралыкта бир жыйынтыкка келебиз”, - деди төраганын орун басары.

Эске салсак, Кыргызстанда ККМге каршы соодагерлердин эки аптадан бери уланып келе жаткан нааразылык акциясына президент Садыр Жапаров да реакция кылып, “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолуккан. Өлкө башчы алардын өтүнүчүн угуп, патент системасын келерки жылдын 1-июлуна чейин калтырууга уруксат берилгенин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий