• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө дүйнө чемпиону Амантур Жумаевге жана машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаштар арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону Амантур Жумаевди салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионду тосуп алууга президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров дагы катышып, өз сөзүндө жаш спортчуга ийгиликтерди каалады.

"Биз Амантур Жумаевге кайраттуулугу, туруктуулугу жана ишке берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Анын ийгилиги көптөр үчүн жакшы үлгү болуп калды", - деди облус башчысы.

Жергиликтүү бийлик тарабынан спортчуларды колдоо максатында жаш чемпионго жана машыктыруучусу Бейшен Сабатаровго 250 миң сыйлык тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий