• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы башкы санитардык дарыгер дайындалды

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин директору - Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери болуп Калчакеев Элден Муратович дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, Элден Муратовичтин саламаттык сактоо тармагында тажрыйбасы мол жана билими терең.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жаңы жетекчинин жамаатка тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий