• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

8-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Талас, Нарын облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл облусунда +19...+24, ал эми Бишкек шаарында +26...+28 жана Ошто +30...+32 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий