• 88.68
  • 95
  • 0.95

Росгвардиянын ѳкүлдѳрү ИИМдин атайын багыттагы полкунда болушту

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин Федералдык кызматынын (Росгвардия) делегациясы КР Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунда болушту.

КР ИИмден билдиришкендей, Росгвардиянын ѳкүлдѳрүн полктун командири Майрамбек Имангазиев тосуп алды. Ал өз сѳзүндѳ ИИМдин атайын багыттагы полку коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында мындан аркы ар тараптуу кызматташууну улантууга жана бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи.

Андан соң россиялык аскер кызматкерлери полктун ишмердүүлүгү менен таанышты. ИИМдин негизги күчү болгон атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы техниканын жардамы менен массалык башаламандыктарга жана кооомдук тартипти бузууларга бѳгѳт коюу ыкмаларын жана автоунаадагы куралчан кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын тактикалык машыгуу ыкмаларын кѳрсѳтүштү.

Жолугушуунун соңунда кесиптештер кѳрсѳтүлгѳн атайын машыгууларды талкуулап, эки тараптуу анализдеп ѳз сунуштарын айтышты.

Россиядан келген коноктор кѳрсѳтүлгѳн тактикалык машыгуулардын сапатына жана ѳзгѳчѳ ыкмаларына, так, ырааттуу жана сапаттуу аткарылгандыгына жогорку баа беришип, эки тараптуу кызматташтык мындан ары улана берерин ошондой эле, коопсуздукту камсыздоодо жана коомдук тартипти сактоо жаатында ушундай тажрыйба алмашуулар кесиптик квалификацияны жогорулатууга жакшы натыйжа берээрин баса белгилеп кетишти.

Сүйлѳшүүлѳрдүн жүрүшүндѳ тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу бийик жана жогорку деңгээлдеги ѳз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралып, ѳнѳктѳштүктүн келечектүү, актуалдуу багыттарын аныктоого басым жасашты.

Пикир

Оставить комментарий