• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, автобустардын санын 1 миң 500гө жеткирүү пландалууда. Жаңы автобустардын жакынкы арада келиши күтүлүүдө.

Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар кичиавтобустук каттамдар жаңы автобустарга алмаштырылган. Мурда жарандарды тейлөө үчүн 320-330 автобус каттаса, бүгүнкү күндө каттамда 427 автобус бар.

Пикир

Оставить комментарий