• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР эмгек сиңирген экономисти Дамира Усупбекова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. “Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти” Дамира Усупбекова 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Дамира Усупбекова 1933-жылдын 31-октябырында Ош шаарында аскер кызматкери Усупбеков Турдубек, мектеп мугалами Найманбаева Жамийланын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1947-жылы Талды-Суу орто мектебинин 7-классын бүтүргөндөн кийин, Фрунзе шаарындагы №5 мектепте окуусун уланткан. 1951-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Москва мамлекеттик экономикалык институтунун мамлекеттик жабдууларды пландоо факультетине өтүп, билим алган.

1956-жылы институтту бүтүргөндөн кийин, жолдомо боюнча Кыргызстандын жабдуу жана сатуу башкармалыгында жети ай иштеп, Кыргыз ССРнын Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы Бекжан Дүйшалиевдин буйругу менен материалдык техникаларды бөлүштүрүү бөлүмүнө которулат. Бул кызматта 1965-жылга чейин иштегенден кийин, пландоо системасынын эң жооптуу тармагы – өлкөнүн экономикасын, кокусунан чыгып кетүүчү согуш жаңжалдары учурунда тынчтык абалдан согуштук абалга тез өткөрүү менен эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыздоочу мамлекеттик пландоо комиссиясынын коргоо-мобилизациялык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат.

Дамира Турдубековна бул кызматта иштеген 23 жыл ичинде өзүнүн эмгекчилдигин, кесипкөйлүгүн жана уюштуруучулук талантын көрсөтүп, Кыргыз ССРнын Мамлекеттик пландоо комитетинин жана СССР Мамлекеттик пландоо комитетинде өзү менен канатташ иштешкен кызматкерлеринин урмат, сыйына татыктуу болгон. 1989-жылы Кыргызстанга озгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсия чектелип, ардактуу эс алууга чыккан. Эс алууга чыкса дагы, өзүнүн билимин, эмгек тажрыйбасын келечек муунга үйрөтүп, калтыруу үчүн Кыргыз ССРнын даярдоо министирлигинде да көп жыл кызмат кылган.

Мамлекет үчүн талыкпас эмгеги 1974-жылы “Кыргыз ССРнын эмгек сииирген экономисти” наамына татыктуу болгон. Ал СССРдын төрт медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, СССРдын Мампланынын, Кыргыз ССРнын Мампланынын, Мамлекеттик мекемелердин профсоюздар комитеттеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз элинии көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмери Сулайман Иманбаев экөө Алмаз жана Салтанат аттуу уул-кызды мекенчилдикке, адамкерчиликке, чынчылдыкка тарбиялап, татыктуу билим берип чоңойтушкан.

Пикир

Оставить комментарий