• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз

Президент 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. "Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз" , - деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, Путиндин сапары Кант авиабазасынын 20 жылдыгына жана Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына туш келгендиги чоң символикалык мааниге ээ.

«Биздин эки тараптуу мамилелерибиздеги бул маанилүү окуялар биздин достугубуздун символу болуп саналат. Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз», - деди ал.

Ошондой эле президент 1-сентябрь – Билим күнүндө Россия президенти менен биргеликте Кыргызстанда окутуу орус тилинде жүргүзүлө турган алгачкы 3 мектептин курулушун баштоого старт берилген салтанаттуу аземди эске салды.

“Мен келечекте бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү кыргыз-орус мамлелерин тереңдетүүгө чоң салым кошот деп ишенем. Ушул пландан алганда биздин өлкөлөрдүн ведомстволорунун жана аймактарынын ортосундагы, ошондой эле “коомдук дипломатия” аркылуу байланыштардын жана алмашуулардын активдүү динамикасы көңүл бурууга татыктуу. Алардын ичинен “Эстелик поезди”, “Кызыл парустар”, Екатеринбург, Челябинск, Курган жана Казань шаарларындагы кыргыз балет искусствосунун чеберлеринин жана жаш таланттарынын көрсөтүүлөрүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Жакын арада 15 окуучу “Кыргызстандын балдары үчүн - Интернат үй” долбоорунун алкагында Россияга барат”, - деди Садыр Жапаров.

Жыйынтыгында мамлекет башчысы Кыргызстан Россия өкмөтүнүн жетекчилигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана башка делегациялардын Бишкекке жасаган иш сапарын жогору баалай турганын баса белгиледи.

“Биздин биргелешкен келечегибизди түптөгөн бекем пайдубал эки өлкөнүн тарыхый достук байланыштары экени кубандырат”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октярбга Кыргызстанга расмий сапары менен келген.

Пикир

Оставить комментарий