• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто аял айдоочу сүзүп кеткен окуучулардын бири ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Ошто "Тойота" унаасынын аял айдоочусу жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен, алардын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кайгуул милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М.Ж. 5-октябрда Жапалак айылында жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен. Балдардын бири (2010-жылы туулган) алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Кайгуул милициясынан бул кыз 9-сентябрда дагы жөө өтмөктөн бир адамды сүзгөнүн, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнүн белгиледи. "Андан кийин ал 15 миң сом айып пул менен кутулду", - деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда унаа айып короосунда турат. Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыныны Тергөө кызматына өткөрүлүп белрилген.

Пикир

Оставить комментарий