• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 119-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган эркек бала жабыркаган. Жерине куткаруучулар тартылып, жабыркаган баланы унаадан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий