• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштады

Президент 0

Бишкек, 12.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Жапаров Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга кечээ кол коюп, ал күчүнө киргенин жазат.

“Убакытты создуктурбай, дароо эле министрлер кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм. Айрым министрликтерге жаны кишилер сунушталды. Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам. Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт. Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым”, - деп жазган ал.

Өлкө башчысы Акылбек Жапаров менен макулдашып, келишкенин белгилейт.

“Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда”, - дейт Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий