• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун башкы булагы катары адамдык потенциалдын ролун түшүнүп, азыркы жана келечектеги социалдык, демографиялык жана экономикалык чакырыктарды эске алып, миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду азайтууга жана жеңилдетүүгө багытталган миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Эмгек мигранттарын барган өлкөлөрдө ар тараптан колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо биринчи кезектеги милдет деп аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын абалын жакшыртуу үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен маалыматтык-консультациялык иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү;

— Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын долбоорун оперативдүү тартипте иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;

— жумуш орундарын түзүү үчүн өзгөчө салык режимин белгилеп, калкынын миграцияга кетүүсү кыйла жогорку деңгээлде болгон Кыргыз Республикасынын региондорунда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте ишке ашыруу;

— эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө улуттук экономикага инвестиция салуусуна дем берүү боюнча программаны (инструменттерди) 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

— демографиялык кырдаалдын өнүгүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын жана эмгек мигранттары барган өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн сценарийлерине жараша эмгектин ички жана тышкы рынокторунда орто мөөнөттүү мезгилде жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

— виза тариздебестен Кыргыз Республикасына эркин кирүүдө жана чыгууда, жашап турууга уруксатты тариздебестен, Кыргыз Республикасында жашоодо жана эмгектенүүдө, ишке уруксат алууда, ошондой эле билим берүү жана медицина кызмат көрсөтүүлөрүн алууда чет элдик жарандыгы бар мекендешке Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укук берген Мекен-карт улуттук демилгесин ишке ашыруу боюнча мыйзамдык актыларды кабыл алууну аяктоо;

— Кыргыз Республикасына кайтып келген эмгек мигранттарынын адаптациялануусу жана реинтеграциялануусу боюнча чараларды көрүү;

— ата-энеси эмгек миграциясында болгон балдарды эсепке алууну, кароону, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү; мамлекеттик коргоонун кепилдиктери менен «эмгек мигранттарынын балдары» деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизүү;

— эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелерге баланы (балдарды) бир туугандарынын же башка адамдардын камкордугуна калтыргандыгы тууралуу камкорчулук органдарына кабарлоого мүмкүндүк берген механизмди эмгек мигранттарынын балдары менен байланышкан кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн камкорчулук органдарынын платформаларын же санариптик технологияларды колдонуу менен иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо;

— камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан жана бул жөнүндө камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарын кабарлабастан өз балдарын калтырып эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин жоопкерчилигин, ошондой эле алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн жоопкерчилигин аныктоо жана күчөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

— этникалык кыргыздардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу үчүн төмөнкү адамдарга жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, эгерде:

адамдын чет элдик паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылмандын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктаса же аяктап жатса;

чет мамлекеттин аймагында төрөлгөн адам Кыргыз Республикасында 18 жашка толсо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын өз убагында албаса;

ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин Кыргыз Республикасында төрөлгөн адам Кыргыз Республикасынын аймагында 18 жашка толсо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын өз убагында албаса;

адамда Кыргыз Республикасынын аймагында аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу болсо;

адамда чет мамлекеттин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү чет мамлекеттин паспортун алгандыгы тууралуу белгиси менен бар болсо, бирок өтүнүч берген учурда анда чет мамлекеттин паспорту жана аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок болсо;

адамдын чет мамлекеттин туулгандыгы/никеси жөнүндө күбөлүгүндөгү, паспортундагы жеке маалыматтарды жазууда тамгалардан айырмачылыктар бар болсо;

чет мамлекеттин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүндө же паспортунда улуту деген графа жок болуп, этностук таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен ырасталса;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.

Пикир

Оставить комментарий