• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Көмүр шаарында саркынды суу түтүктөрүн реабилитациялоо аракети көрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Жалал-Абал облусунун Таш-Көмүр шаарында 2020-жылы социалдык-экономикалык тармактарда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, коллегияда талкууланды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Нурлан Доулбеков, жергиликтүү кеңештин төрагасы Сагын Кудайбердиев жана мекеме жетекчилери катышкан.

Өткөн жылы шаардын өнөр жай тармагында 2 млрд 537 млн 365 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Таш-Көмүр ГЭСтер каскады жыл ичинде 4 млрд 174 млн 600 миң кВт саат электр энергиясын өндүргөн. 2019-жылы ал 4 млрд 13 млн 500 кВт болгон. Мындагы көлөм 104 пайызга жеткен.

Шаардын аймагында жайгашкан өнөр жай ишканаларында Таш-Көмүр ГЭСтер каскадын кошпогондо, 256 млн 873 миң сомдук продукция өндүрүлүп, жалпы көрсөткүч 150 пайызга жогорулаган.

Жыйында облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов шаардын тургундарына ыңгайсыздык жаратып келген саркынды суу көйгөйүн чечүү керектигин айтты. Бул багытта жергиликтүү бийлик Европа өнүктүрүү банкы аркылуу түтүктөрдү реабилитациялоо үчүн долбоор даярдалып жатканын билдирди.

Ошондой эле кколлегияда алдыңкы мекеме-ишканалар жана коронавирус илдети менен күрөшүүдө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий