• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарына электробустар алып келинет

Аймак 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Нарын шаарындагы жолдор оңдолуп бүткөнгө чейин электробустар алынып келинет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов 18-майда Нарын шаарынын эли менен жолугушууда кабарлады.

“Нарын шаарына электробустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 электробус келчү каражатка 7 электробус келет экен. Биз эле эмес Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат”, - деп билдирди облус башчысы.

Белгилей кетсек, быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын шаарын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий