• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары алмашты . Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төраганын орун басарлары болуп буга чейин шаардык кеңештин депутаты катары иштеп келген Айзат Раматиллаева жана Автандил Дүйшеев шайланды.

Эскерте кетсек, буга чейин шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Буниса Мамадалиева жана Исакжан Умарахунов өз каалоосу менен кызмат ордун тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий