• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Сатыбалды Жээнбеков айылында 50 орундуу, 2 кабаттан турган №22 “Алтын тепкич” бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бакчанын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары Жыргалбек Маатжакыпов, Бабаравшан Каримов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Муниципалитеттен белгилешкендей, 2021-жылы курулушу башталган бакча бир жыл аралыгында бүткөрүлдү. Бакчада балдар ойноочу аянтча, эки бастырма, бакчаны жылытуу үчүн откана курулган. Бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн 754 мин сом акча каражаты сарпталды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен шаарда 180, 100 жана 50 орундуу үч бала бакча пайдаланууга берилди. Жалал-Абад шаарында учурда төрт миңден ашуун жеткинчек бала бакчага барат.

Пикир

Оставить комментарий