• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто РФ каржылай турган 1,2 миң орундуу мектепти курууга даярдыктар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда орус тилинде билим берүүчү биргелешкен мектептерди түзүү жана иштетүү, эки өлкөнүн коомдук-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү, балдарды жана жаштарды маданий агартуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында РФ тарабынан Ош облусуна курулуучу мектеп-гимназиясынын долбоору талкуланды.

Облус башчысы президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгилеп, Өзгөн районунун Жылалды айылындагы 1200 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курууга 2,75 гектар жер бөлүнгөнүн жана учурда бардык керектүү даярдык иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Россия өкмөтүнүн каржылоосу менен эл аралык стандарттарга туура келген келген 9 жаңы мектеп курулат. Билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине президент Садыр Жапаровдун РФга болгон иш сапарында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий