• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореялык корпорация Ысык-Көлгө эки тез жардам унаасын берди

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кореялык "Хансонг" корпорациясы Ысык-Көл облусуна эки тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кечээ, 23-мартта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө Түштүк Кореядан келген "Хансонг" корпорациясынын жетекчиси Ким Сонг Чан баштаган делегация менен облустук түзүм жетекчилеринин кызматташуу багыттарын аныктаган жолугушуусу жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюу салтанаты болуп өттү.

Жолугушууда облус жетекчиси Элчибек Жантаев Кореядан келген конокторго кызматташууга кызыкдар экендигин жана көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Корпорациянын жетекчиси кызматташуунун алгачкы кадамы катары гуманитардык жардам иретинде облус үчүн 2 медициналык тез жардам унаасын, өрт өчүрүү кызматтарына тиешелүү шаймандарды ала келген жана аларды расмий тапшыруу аземи болду.

Ошондой эле корпорация менен облус жетекчилиги ортосунда коюлган меморандумга ылайык, алдыда ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына 4 өрт өчүрүүчү атайын унаа, тиешелүү жабдыктар жана район ооруканалары үчүн 4 тез жардам унаасы бериле турган болду. Андан сырткары, мектеп окуучуларын ташыган автобус жана милиция кызматкерлери үчүн атайын унааларды алып келүү боюнча иштер аткарылары айтылды.

"Хансонг" корпорациясы Ысык-Көл облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында алып бара турчу иштерин көрсөтүштү. Анда корпорация облус аймагына крахмал заводун куруу планы макулдашылганын айтып, аны менен бирге Кореядан заманбап, жогорку кубаттагы айыл чарба техникаларын алып келүү, экологиялык жактан таза табигый жер семирткичтерди өндүрүү, суу сактагыч жана сугаруу каналдарын өнүктүрүү багытында иштерди алып баруу планы бар экени белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин "Хансонг" корпорациясы менен өкүлчүлүк ортосунда кызматташуу багытын аныктаган сүйлөшүүлөр болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий