• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө укук коргоо органдары ишембилик өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана шаардык, райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери бүгүн, 18-сентябрда тазалыкты сактоодо ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бир нече сааттын ичинде кызматкерлер айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалашып, газондорду, гүлзарларды, бордюрларды актап, таштанды челектерин жана тосмолорду иретке келтиришти.

Ишембиликке башка көптөгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий