• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районуна жаңы техникалар келди

Аймак 0


Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Аксы районуна 8 жаңы техника келди. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кербен шаарынын мэриясына жалпы 6 даана техника, (1 трактор экскаватор, 2 даана "Хово" үлгүсүндөгү унаа, 1 даана таштанды ташуучу автоунаа, 1 даана манипулятор, 1 даана экскаватор), Кызыл-Туу айыл аймагына 1 даана экскаватор, Ак-Жол айыл аймагына 1 даана автогрейдер пайдаланууга берилди.

Белгилей кетсек, жаңы келген техникалар жергиликтүү бюджеттен, Жалал-Абад ѳнүктүрүү фондунан, АРИС, Хелветас жана башка эл аралык уюмдардын каржылоосундагы долбоордун негизинде жергиликтүү бийликтин аракети менен алынып келди.

Пикир

Оставить комментарий