• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде борбордук базар убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20 /Кабар/. Баткенде борбордук базар убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы борбордук базар жана мал базар 22-июлга чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 17-июлга карата коронавирус аныкталган 53 учур катталды. Алар - Баткен районунан - 4, Баткен шаарынан - 4, Кызыл-Кыя шаарынан - 17, Кадамжай районунан - 17, Лейлек районунан - 11 адам.

Облус боюнча жалпы ооругандардын саны 513 адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий