• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат – Кыргызгидромет

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-апрелинен 16-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий