• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панфилов районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февраль күнү Панфилов районунун Букара айылында жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушууга Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, Панфилов РИИБнин жетекчилиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач район аймагындагы көйгөйлүү маселердин бири болгон, эгиндерди суугару мезгилине чейин каналдарды тазалоо жана башка жумуштар боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар жана башка аткарылып жаткан жумуштар айтылды.

Ошондой эле Панфилов РИИБнин жетекчилиги жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштерине токтолуп, кылмыштуулуктарды жана башка мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо боюнча милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жер-жерлерде жумуштары алып барып жаткандыгы айтылды.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар тиешелүү кызматтын өкүлдөрүнө суроолорду узатышып, жоопторун алышты.

Пикир

Оставить комментарий