• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сарыбашов көчөлөрдү кыдырып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды алып салууну тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов А. Масалиев жана Навои көчөсүн кыдырып чыкты. Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге мыйзамсыз курулуштар, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды алып салуу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары жөө адамдардар жүрүүчү (тротуар) жолдордун абалы менен таанышып чыкты.

“Шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды алып салуу иштерин токтотпогула. Шаар шаардай болушу керек. Биз да мыйзамсыз курулуштарга каршы иштерди токтотпойбуз. Баарын мэрге жүктөп койбой, ар бир жетекчи өз милдетин так аткарсын. Быйылкы жылы шаардыктар үчүн жаңы курулуштар ишке ашып, шарттарды түзгөнгө аракет жасайбыз. Биз элге кызмат кылышыбыз керек”,-деди шаар мэри.

Калаа башчысы жөө кыдырып жүргөндө тургундар тарабынан да көйгөйлөр айтылып, мэр көйгөйлөрдү чечүү аракетинде экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий