• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын мэринин м.а. Мамбетов муниципалдык ишканалардын жетекчилерин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаар куруу жана муниципалдык менчик, экономика, чарба жана транспорт тармактарынын муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана тийиштүү бөлүмдөрдүн адистери менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында ар бир тармактын жетекчилери, кызматкерлер өз багыты боюнча аткарылып жаткан иштер жана келечек пландар боюнча маалымат беришти.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов маселелер боюнча ой-пикирин ортого салып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий