• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Таласта “Арсенал” рейди жүрүп, мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар алынды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында 22-24-ноябрда “Арсенал” рейди жүрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл арасында мыйзамсыз сакталып жүргөн жана 2010-жылы апрель окуясынан улам жоголгон жана уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу максатында, ошондой эле жарандардын колдорунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайсыз жана сайлуу мергенчилик ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча атайын иш-чара өттү.

Рейддин жүрүшүндө облус аймагында жашаган эл арасында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жарандар милицияга 23 даана сайсыз, бир даана сайлуу ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышты. Мыйзамсыз сактоодон бир даана сайлуу ок атуучу курал алынган.

Мындан тышкары, сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 34 жаранга административдик протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды. Облус аймагында ок атуучу курал колдонулган кылмыш жана кокустуктардын алдын алуу иштеринин жүрүшүндө 780 мерген сүйүүчүлөр текшерилип, аларга коопсуздук эрежелери боюнча усулдук түшүндүрмө берилди.

Ошондой эле 780 ок атуучу куралдардын ээлерине куралдарды туура колдонуу, сактоо жана коопсуздук эрежелери боюнча ар бирине милдеттемелер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий