• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл районунда жазгы сугат иштерине даярдыктар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кечээ, 16-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун жазгы сугат иштерине даярдыктарды жеринен көрүштү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчы, район акими жана облустук, райондук суу чарба мекемелеринин жетекчилери менен Тамчы айыл өкмөтүндөгү суу агып өтчү латоктордун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анда облус жетекчиси Мирбек Кожоев жана район жетекчиси Калыбек Жумадылов райондогу бардык чарбалык, ички чарбалык суу каналдарын тазалап, оңдоп-түзөө иштерин тездетип, март айына суу салууга даяр болушун райондук суу чарба мекемелеринин жетекчилерине тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий