• 88.68
  • 95
  • 0.95

UWW Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучу деп атады

Спорт 0

Бишкек, 04.08.21./ Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучу деп атады. Бул тууралуу уюмдун Инстаграммдагы расмий баракчасында айтылат.

Уюмда белгиленгендей, Мээрим - Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында медаль уткан биринчи спортчу.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча аялдар арасында 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө монголиялык спортчу Соронзонболдду утуп алды.

Ошондой эле, кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медаль менен сыйланды жана бул Олимпиадада биринчи жолу сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандын желеги көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий