• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы саламаттыкты сактоо тармагынын башкы дарыгерлерин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-август күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы саламаттыкты сактоо тармагынын башкы дарыгерлерин кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жыйында аталган тармактын өкүлдөрү облустагы эпидемиологиялык кырдаал, COVID-19дун алдын алуу жана жайылтпоо үчүн аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүштү.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ооруканалардагы коррупцияга токтолуп, бейтаптарга берилүүчү тамак-аштын сапаты начар болуп жатканын белгиледи.

“Ооруканаларда бейтаптарга берилүүчү тамактардын сапаты абдан начар. Эт жана башка азыктар тиешелүү тартипте кошулбайт. Урматтуу оорукана жетекчилери! Жок дегенде ушул бейтаптарга бөлүнгөн тамак-ашка тийбегилечи! Андан да акча жасап, сол чөнтөккө салганды токтоткула! Бейтаптарга сапаттуу тамак-аш беришибиз керек. Мындан ары бейтаптарга берилүүчү тамак-аштын сапатын жеке өзүм көзөмөлдөйм, барып да текшерем”, - деди Зиядин Жамалдинов

Пикир

Оставить комментарий