• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту

Спорт 0


Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан.

Чейрек финалда кыргызстандык спортчу румыниялык Криста Инценин далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Жарым финалда Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилип калып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий