• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалдагы кен иштеткен компаниянын калдык сактоочу жайындагы курулуш иликтенет

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Вертекс Голд” компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушун көз карандысыз комиссия иликтейт.

Бул тууралуу КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев район тургундарынын катышуусундагы элдик жыйында билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин жергиликтүү тургундар “Вертекс Голд” компаниясы тарабынан курулуп жаткан туюккапты (хвостохранилище) башка коопсуз жерге көчүрүү талабын коюшкан. Тургундар аталган жайда кар көчкү жүрүп, калдык Чаткал дарыясына кошулуу коркунучу жаралаарын айтып чыгышкан.

Облус башчысы дамбанын курулушу 2018-жылы адистер тарабынан иликтенип, тийиштүү уруксат кагаздары берилгенин айтты. Жашоочулардын нааразычылыктары эске алынып, ага кайрадан көз карандысыз комиссиялык топ дайындала турганын, ачык айкындуулук үчүн жергиликтүүлөрдөн да кошулаарын билдирди.

Өкүл курулуш эгер мыйзамсыз деп таанылса, аны башка жерге көчүрүүгө даяр экенин, коопсуздук маселесин көтөргөн тургундарга анын себебин далилдүү айтууга чакырды.

“Көз карадысыз комсиисия ишти иликтеп чыкканга чейин аталган жайда курулуш иштери улантылат. Анткени жергиликтүү бюджетке каражат түшүп, тургундар иш менен камсыз болууда. Курулуштун мыйзамсыздыгы аныкталса, чыгымдын зыянын толук компания өзү тартат”, – деди облус башчысы.

Эскерте кетсек, “Вертекс Голд Компани” компаниясы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет. Калдыктарды сактоочу жай ишенимдүү жана коопсуз болушу үчүн кургак сактоо ыкмасын колдонуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий