• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ЖӨБ органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча системалуу иштерди улантууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Азыркы учурда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик тобу Ош шаардык мэриясынын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коррупция үчүн эң талуу жерлерин аныктоо боюнча ишин карап жатат. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен системалык коррупцияны жоюу планы иштелип чыгып, ал Ош шаарынын мэриясына аткарууга жөнөтүлөт.

Буга чейин мындай иштер Бишкек шаардык мэриясында да жүргүзүлгөн. Жакын арада Бишкек шаардык мэриясындагы системалык коррупцияны жоюу боюнча иштелип чыккан план Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жумушчу тобунун кароосуна коюлат.

Белгилей кетсек, Катчылык тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иштер үзгүлтүксүз аткарылып келет.

Мындан сырткары, Ош облусунун жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында «Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу» аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул иш-чарага акимдер, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги катышып, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана минималдаштыруу ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий