• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Коом 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 14-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 330 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 187 кылмыш, 143 жорук.

Өткөн бир күн ичинде жалпысынан 16 жол транспорттук кырсык катталып, андан 4 жаран каза болуп, 27 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.

Ыктыярдуу элдик кошуундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий