• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 унаа берилди

Коом 0

Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 унаа тапшырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана ИИМдин жетекчиси жана өздүк курамы катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун бизге койгон тапшырмасынын негизинде өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланып, бардык тармактарга автоунаалар берилип жатканын айтты.

"Мен сиздерге 3-январда келгем, бир айда эки жолу машине тапшырып жатам. Бүгүн Ички иштер министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 28 автоунаа тапшырылат", - деди ал.

Ошондой эле ал унаалар Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү Россиянын жардамы экенин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун министрлер кабинетинин атынан Россиянын элчиси Николай Удовиченкого ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий