• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май муниципалдык администрациясынын жана № 15 МАБнын адистери тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдар башаламан соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландалган рейд өттү.

Рейддин алкагында Профсоюз көчөсүндө болжол менен 160 литр уруксатсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды.

Ошону менен жаңы ишкерлерге карата административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айыппул салынып, башаламан соодага жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аны менен бирге Профсоюз көчөсүндө 8 жарнама конструкциясы демонтаждалды.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий