• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин (“О.С.”) кармады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

“Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, дээрлик 70 млн сомго бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды”, - деп билдирет Каржы полициясы.

Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан анын бөгөт чарасы каралат.

Пикир

Оставить комментарий