• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адам өлүмүнө шектелген “Айчүрөк” соода борборунун сатуучусу СИЗО-1 киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. “Айчүрөк” соода борборунда сатып алуучуну бир нече жолу өлтүрө сабаган сатуучу эки айга СИЗО-1 киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголгон. Териштирүү амалдары жүрүүдө, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эске сала кетсек, 28-августта “Айчүрөк” (ЦУМ) соода борборунда сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда чыр чыккан. Сатуучу 45 жаштагы эркек адамды бир нече жолу урган, ал алган жаракаттан улам окуя болгон жерден каза болгон. Болгон окуянын чоо-жайы соода борборунун видео байкоосуна жазылып калган.

Пикир

Оставить комментарий